Атанын куру

Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет. – Ээ балдарым, мен мурункудай алдуу-күчтүү болгонумда силерди башым менен жер казсам да багат элем. Бирок, минтип алым кетип, төрүмөн көрүм жакын болуп отурам. Апаң экөөбүздө мындан нары силерди тойгузгудай дарман жок. Андан көрө үчөөң үч жакка барып өнөр үйрөнүп келгиле. толугу менен…..