Сайгё (Норикиё): Жүзүм сүрдүү болгон менен, Жеңдерим нымдуу көз жаштан

Жапон классикалык поэзиясы Сайгё (Норикиё) (1118-1190) Кыргыз акындары, котормочулары жапон классикалык поэзиясынан Басёнун ырларын көп которушту, бирок даңазалуу акындын устаты Сайгё тууралуу сөз боло элек, анын ырлары которула элек. Ушул кенемтени толтурууга аракет жасап көрөйүн дедим. Сайгёнун өмүр таржымалы кызык. Жыйырма жашында калаадагы үй-жайын, кызматын, аялын жана кичинекей кызын таштап, чачын кырдырып, монах болуп кеткен. Калган өмүрүн бүтүндөй жер кезип жүрүп өткөрдү. Тоодогу жер кепелерде, кээде ачык асман астында түнөдү. Жашоосун ырсыз элестете алган жок, ыр менен бирге жашады. Сайгё беш, Басё үч саптан турган ырларды (жапондор буларды “танка” жана толугу менен…..