Исабек Токтогулов: Атан төөбү, же нарбы, Атын туура ким билет? (балдар үчүн)

Ташбака Саякатчы таш бака, Сахарага барыптыр. Чөлдөн ысык өтөт деп, “Чөйчөк” кийип алыптыр. Сайран куруп бир далай, Таң-тамаша салыптыр. Анан далай жылдан соң, Ал ташбака карыптыр. А “чөйчөгү” жонунан Түшпөс болуп калыптыр.   Кирпи Кичинекей кирпинин, Мурдун аары чагыптыр. Мына ошондон бери анын, Ичинде кек калыптыр. Дагы тийсе саям деп, Денесинин баарына, Найза кадап алыптыр!   Өрдөгүм Менин аппак өрдөгүм, Кургак жерге көнбөгүн. Айтса тилди албаган, Сендей тентек көрбөгөм. Гак-гаак, өрдөгүм!   Ай, апакай өрдөгүм, Мынча неге чөлдөдүң. Чыкпай жүргүн ичинен, Мен жасаган көлмөнүн. Гак-гаак, өрдөгүм!   Аң уулоо Кээде толугу менен…..