С.Эралиевдин чыгармачылык өнөрканасы

С.Эралиевдин чыгармачылык өнөрканасы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу КР Баатыры, КР Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында жаш калемгерлер үчүн “С.Эралиевдин чыгармачылык өнөрканасы” аттуу семинар өткөрдү. Семинарга ф.и.к. Г.Станалиева модераторлук кылып, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов, ф.и.д. профессор Б.Усубалиев, ф.и.д. А.Эгембердиева, ф.и.к. А.Токтоматовалар катышуучуларга лекция окушту. Ф.и.д. профессор Б.Усубалиевдин “С.Эралиевдин “Жүз жылдар мындан кийин да” ырына лингвопоэтикалык анализи” окурмандардын кызыгуусун арттырды. Ф.и.к. А.Токтоматованын “С.Эралиевдин “Ак Мөөр” поэмасындагы сүйүүнүн берилиши”, ф.и.к. Г.Станалиеванын “С.Эралиевдин тематикалык-идеялык изденүүлөрү” аттуу лекциялары калемгерлер үчүн чоң сабак толугу менен…..