Ризван Исмаилова: Жазуучунун ой-дүйнөсүнө сапар

Жазуучунун ой-дүйнөсүнө сапар (Китепке пикир ) Аңкоо кыргызым ай- э! Качан көзүң ачылар экен? Союз кезинде бир топ акын-жазуучулар жазуучулук бактысын издеп борборго кетишкен. Чөйрө, таалим-таасир, үлкөндөрдүн көзүнө илинип, ак батасын алуу, чыгармаларын басма сөзгө жарыялоо, китеп чыгаруу сыяктуу түйшүктүн жеңилин көздөшкөн. Албетте, максатына жеткени болду, жетпегени да болду. Ошондо мындай суроо жаралат. Жазуучу болуш үчүн айыл менен шаарда жашоонун айырмасы барбы же жокпу? Эмгек жолун райондук гезитте кабарчылыктан баштап, күндөлүк энергияны, колду байлаган түмөн түйшүктүү журналисттик кесипти аркалап жүрүп, жазуучу деген атакка, таанымга ээ болгон элеттик чоң калемгерлердин бири, толугу менен…..