Бүкадича Акимжан: “Үн катпа азыр… үмүттүн өңүн аздырып, Үшүгөн ойлор, чыкыроон шамал азгырып.”

 Бүкадича Акимжан 1983-жылы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз-Ата (учурдагы А. Парпиев) гимназиясын бүтүргөн. 2000-2005-жылдары арасында Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетин аяктаган. 2005-2008-жылдары Анкара Университетинде  педагогика тармагында аспиратурасын, 2016-жылы болсо докторантурасын бүтүргөн. Учурда жогорку окуу жайда мугалим. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.   МИГРАНТ Дүйнөнүн бир бурчунда шарактаган, Метронун үнү зээнин мазактаган, Мигранттын көңүлүндө муң-зары бар, Күлсө да, күлкү ууртуна жарашпаган.   Жуурулуп дүйнө менен баратса да, Жулунган ойлор дилди канатса да, Журтуна өгөй болуп бир муун өсөт, Мезгили өз өкүмүн талашса да.   Маңдайдан сылабаган мээрим төгүп, Мекендин толугу менен…..

Азамат Омош: Бешинчи класс болгон көп, Бешикте калган баласы

Алыскы Москва шаарында эмгектенип, чыгармачылык менен алектенип жүргөн калемгер Азамат Омоштун “Мен бүгүн” аттуу ырлар жана котормолор жыйнагы жарык көрдү. Авторду ийгилиги менен куттуктап, окурмандарга айрым ырларынан бөлүшөбүз. Окуп, ой-пикир калтырыңыздар. Азаматтын ай туяк саптары Бүгүнкү күндө мигрант болуп жер шарынын туш тарабына тарап кеткен кыргыздын улан кыздары толтура. Тууган жерди сагынып, куса болуп көкүрөгүндөгү көйгөйүн ырга айланткан жаштар дагы арбын. Алардын бири Азамат Омош. Көз жашка карабаган, көз жашка ишенбеген Москва шаарында эмгектенет. Жаш акын Москва жөнүндө: Бирөөгө чик, да бирөөгө алчысың, Бирөөгө шат, а бирөөгө суз гана. Каректерде толугу менен…..