Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы аттуу китеп жарык көрдү

Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы – Дань уважения Венгрии Айтматову аттуу илимий-популярдуу китептин бет ачары А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында болуп өттү. Ага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар жана Түрк Кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгү катышты. ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыз элинин улуттук сыймыгы Ч.Айтматовго арналган басылма Түрк Кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгүнүн тектеш түрк элдеринин улуу инсандары жөнүндөгү алгачкы эмгеги. Китептеги Мажарстандык чыгармачыл, илимий чөйрө өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандык авторлордун макала-маектеринде Ч.Айтматовдун өмүр баяны менен чыгармачыл бейнеси жана мурастары боюнча ойлор айтылган. Кыргыз-орус тилдеринде бир мукабада чыгарылган китеп жалпы окурмандарга сунушталат. Мажар авторлорунун толугу менен…..