Догдурбек Юсупов: Жан дүйнөнүн тазалыгына чакырык

Жан дүйнөнүн тазалыгына чакырык Поэзия жанрында ар түрдүү индивидуалдуу көркөм изденүүлөр жана чечимдер менен учурдун маанилүү маселелери жөнүндө ачык баян айтылат эмеспи. Биринчи кезекте белгилеп кетээрим, поэзиянын максаты жана милдети мурдатан эле жашообуздун (бытие) жалпы философиялык маселелери жана конкреттүү жекече адамдын тагдыры болуп келгендиги белгилүү. Адабиятта учурдун реалдуу көрүнүшүн чагылдыруудан ашкан сыймыктуу милдет болбосо керек. Байыркы мезгилден баштап азыркы күндөргө чейин коомдун бүтүндөй тарыхы аркылуу турмушта жаркын жана гумандуу башталышты бекемдөөгө аракеттенүү кызыл сызык менен кеткендиги айкын. Менин оюмча заман өнүккөн сайын мурдагыдай сюжет кууп кетүү артта кала баштап, социалдык-психологиялык толугу менен…..