Мая Осмонкулова: Көп жылдарга көбүк чачып ырларым, Толкуп турсун көлдөй дагы, деңиздей.

Сен мени жоготконсуң Жазыбыз жазга окшобой чыйрыктырып, Ортобуз салкын тартып барат, досум. Күзгө окшошуп түнөргөн ошол жазда Сен мени биротоло жоготконсуң.   Кусалык кучагына ороп алып, Ызанын аттаганда босогосун. Кайрадан таппасыңды элес албай, Сен мени ошондо эле жоготконсуң.   Өмүрдүн кыскалыгын унуткарып, Аттап өтүп сезимдин бийик тоосун. Дүнүйөң түгөл болуп турган чакта Сен мени жашооңдон жоготконсуң.   Кайрылып кайра конбос тууруна Кармай албай бакыттын алтын боосун. Алмашып күнүмдүктүн кумарына, Сен мени алда качан жоготконсуң.   Кыялың кызыл-тазыл гүлгө айланып, Кызыгы алып турса көздүн жоосун. Кайрадан кыш келерин танып коюп, Сен толугу менен…..