Эгемберди Эрматов: Гарсия Федерико Лорка жөнүндө…

Лорка ***** Гарсия Федерико Лорка испан поэзиясынын жыйырманчы кылымдагы эң табышмактуу, эң сырдуу, эң музыкалдуу акыны. Анын поэзиясында чек билбеген фантазия, таң каларлык салыштыруулар, күтүлбөгөн эмоциялар ээн-эркин жашайт. Лорка элдик поэзиянын кыртышынан өнүп чыгып, бүткүл европалык жогорку деңгээлге жеткен. Поэзия сүйүүчүлөрүнүн кумирине айланган. ***** Чыныгы поэзиядан, элдин жүрөгүн ойготуп жан дүйнөсүнө канат берген поэзиядан тирандар өрттөн корккондой коркуп, аны жок кылууга, үнүн өчүрүүгө тынымсыз аракеттенишип келет. Ошон үчүн Испаниянын фашисттик режими жүрөгү лакылдап соккон Лорканы мыкаачылык менен атып өлтүрүшкөн. Бирок анын поэзиясын, акыйкатчыл тунук үнүн өлтүрө алышкан эмес. Поэзия менен толугу менен…..