Ч.Турсунбеков атындагы “Жылдыздуу жээк” фестивалы жыйынтыкталууда

Акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк 2023” поэзия фестивалы жыйынтыкталды. 3 күн бою көгүлтүр көл боюнда өткөн фестивалда акындардын чыгармачылыгы, көркөм окуусу, эссе жазган окуучулардын эмгектери бааланып, калыстардын чечими чыкты. Калыстардын чечими менен Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын лауреаты Нуриза Өмүрбаева (диплом, лауреаттык статуэтка, 100 000 сом) болду, ал эми 1-орунду Махабат Касейинова (диплом, статуэтка, 40 000 сом), 2-орунду Айзат Кудайберди кызы (диплом, 30 000 сом), 3-орунду Чыңгыз Рыскелдиев (диплом, 20 000 сом) камсыздады, “Жылдын табылгасы” номинациясы Бектурсун Адиевге (диплом, 10 000 сом) ыйгарылды. “Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм” толугу менен…..

Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи өттү

Бүгүн К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун салттуу түрдө эки жылда бир ирет ыйгарылып келген А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгы, балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы республикалык адабий сыйлыгы жана быйыл алгач ирет уюштурулган проза багытындагы М.Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы конкурстук негизде тандалып алынган авторлорго ыйгарылды. Акын Махабат Молдалиева “Айгерим” аттуу китеби үчүн, акын Бурулкан Карагулова “Ойдун эшиги” аттуу китеби үчүн, акын, котормочу А.Исмаилов “Агыш түн” аттуу китеби үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту. толугу менен…..

К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары сыйланды

Лейлек районунда өтүп жаткан К.Сабыровдун 80 жылдык мааракеси жана “Өрүкзар” поэзия фестивалы жыйынтыкталды. Райондук маданият үйүндө өткөн салтанаттуу иш чараны акимдин орун басары ачып берди. Бир катар маданият, адабият ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бишкек, Ош шаарларынан жана коңшулаш Өзбекстандан келген акын-жазуучулар сөз сүйлөп, куттукташты. К.Сабыров атындагы орто мектептин окуучулары даярдаган сахналык көрүнүш кеченин катышуучуларын толкундантып, көз жашын агызып, иш чаранын көркүн ачты. Акындын чыгармалары окулуп, обондуу ырлары ырдалып турду. Д.Турдуев КР Улуттук жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы, С.Кудайкулов Ардак грамота менен сыйланды. Жыйынтыгында 4 акынга К.Сабыров атындагы адабий сыйлык тапшырылды. толугу менен…..

Балдар адабияты сыйлыгынын лауреаттары сыйланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы төмөнкү сыйлык ээлерине 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылды: – Наматов Аман Наматовичке – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн» номинациясында «Гүлчечекей кулунчак» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн; – Ырысбай Абдыраимовго – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн» номинациясында «Түбөлүктүү чеп» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн; – Сатыбалды Мамбеталиевге – «Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн» номинациясында «Керемет жомоктор» толугу менен…..

А.Осмонов атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы 2020-жылдын 1-ноябрынан 5-декабрына чейинки убакытта Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына сынак жарыялайт. Талапкерлер юридикалык жактардын сунуштарынын негизинде кабыл алынат. Сыйлыкты ыйгаруу шарттары: 1.Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы поэзия, котормо жанрында улуттук адабият менен маданиятты көтөрүүгө салым кошкон, коомчулукка таасирдүү (Алыкул темасына арналган) акыркы үч (2017-2019-жж.) жыл аралыгындагы жарыяланган жаңы чыгармалар (китептер) жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдөгү өзгөчө демилгелүү ишке ашкан эмгектер үчүн ыйгарылат. 2.Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, толугу менен…..

Фестивалдын лауреаттары аныкталды

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын катышуучуларына сыйлактар тапшырылды. З.Пасаңова, Т.Колдошов, Ж.Эсеналиев, А.Дооров,  А.Көкөева, А.Ражабалиев, Р.Арапова калыстык кылып,  катышуучулардын чыгармаларынын негизинде фестивалдын лауреаттарын, дипломанттарын аныкташты. Э.Эрматов атындагы II республикалык фестивалынын лауреаты болуп Бердибек Жамгырчиев, Умар Нусубалиев жана Камчыбек Узакбай уулу табылды. Ал эми, Гүлүмкан Исаева, Садырбек Турдубек уулу  жана Замирбек Орозбай  уулу фестивалдын дипломанттары   болду. Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда  КР Эл аралык “Нурборбор” толугу менен…..