Калчоро Көкүлов: Мен адаммын, бүт дүйнөнү тепсеген, мен адаммын, ак-караны экчеген

***** Жолон акын күйүп турчу дүпүлдөп, Жолон-ырлар күлүп турчу бүчүрлөп. Эсил кайран эл ичинде жүргөндө, Эмдигиче далай ишти бүтүрмөк.   Кыял менен калчап турду кыйланы, Кызыл алтын ырлар болду жыйганы. Кырмызыдай каада куту төгүлүп, Кызгалдактай жайнап турчу ыйманы.   Кенен сүйлөп келечекке ишене, Келеп-келеп ыр жаратуу иши эле. Кыйын кезде акыл болчу кыргызга, Кыдыр мисал кызыгы мол киши эле.   Кайран жүрөк капилеттен токтоду, Калк кайгырып акын уулун жоктоду. Күкүк болуп ыр чакырган кайран жан, Күкүрт болуп күйүп кеткен окшоду.   Миң айрылып, миң сүрүлүп сөгүлдү, Миң чачылып, миң чайпалып толугу менен…..