Михаил Лермонтов: Биз акылды жемиши жок илим менен кургаттык

Орус адабиятынан Акын Рафаэль ашкан илхамы Жандуудай кистин колго алып, Үр сулуудай жаш кызды Бүткөн соң тартып, таң калып Өнөрүнө өзү кубанып Жыгылган экен куланып! Аздан соң таркап сонуну Көөдөндө дымып көргөнү. Жанчылып чарчап шалдырап, Унутуп калган жалдырап Табият берген жөндөмүн.   Ошондой акын: кылт этсе ой, Каламдан төгөт коротпой Бүт жанын; лира үнүнөн Сыйкырга тунуп бүт дүйнө, Жүргөндөй бейиш төрүндө Унутуп өзүң өңүндө, Арзыткан көңүл аздеги! Силерди ырдайт, силерди! Жүрөктүн анан табы өчүп Солгундап кагат эмеспи. Көңүл да сууйт кайра анан! Биринчи көргөн элести Унутпайт акыл далайга.   Атак толугу менен…..

Байас Турал: Кандай адам болор экен, келечектин адамы?

Аялдар конгрессинде айтылган сөз Куурасын деп өстүрөбү дарактарды адамдар? Согушсун деп төрөбөйбүз биз-аялдар балдарды. Төрөбөйбүз адамды биз, арак ичкен акмактардан болсун деп. Эл коргогон эр болбосо, эмнеге төрөйбүз биз аларды?   Эгер эгин өспөсө, жерди эмнеге айдайбыз? Эгер мөмө бербесе, бакты эмнеге карайбыз? Төлдөбөгөн койду эмнеге багабыз, кочкорду эмне кармайбыз? Элди, журтту ким коргойт, эгер эрлер арак ичип, нашаа чегип жүрүшсө? Эч нерсеге жарабаган эркекти “арыстаным” кантип айтат аялдар? Кантип аны кучактайбыз, эмнесин сүйөбүз?   Эмне үчүн өстүрөбүз дарак мөмө бербесе? Эмне үчүн төрөйбүз эркек эмес эркекти?.. …………………………………………………………….. Бирок, эркек толугу менен…..