Мар Байжиев: Кылмышка бир секунд калганда

Кылмышка бир секунд калганда аңгеме Оркестрдин дүңгүрөгөн маршынан терезе титирейт. Жез тарелкалар урулган сайын чала ачылган форточканын айнеги аны менен унисон үндөшүп шыңгырайт. Биз жашаган үй Өкмөт аянтынан жүз метр, бетондолгон бийик дубал менен курчалган, астында подвалы бар КГБнын имаратынан жүз метр жерде. Шаар жазгы күндүн нуруна жаркырайт. Аянтта 1-май парады өтүп жатат. Тирбунада – жука сукнодон тигилген гимнастерка, баштарына картуз шапке кийген жетекчилер: жергиликтүү “Сталин”, жанында жергиликтүү “Маленков”, майда “маодзедунчиктер” колдорун көтөрүп, жылмайып аянттан өтүп жаткан демонстранттарга майрамдык урмат-саламдарын билдиришет. “Динамо” спортсмендери, алардын артында “Эмгек резерви”, “Большевик”, “Түшүм” коомдорунун толугу менен…..