Асан Жакшылыков: “Жай жатпайлы, жашообузду талдайлы. Жакшыларды, жетиктерди баалайлы”.

Бүгүн Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун туулган күнү. Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сизге бекем ден-соолук, узак өмүр каалайбыз! Үй-бүлөңүз менен эсенчиликте бар болуңуз. Көп жашаңыз! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы Курултайга ой толгоо Наадандыкты көрүп туруп сыйбаган, турмуш муңун угуп туруп ыйлаган, Эл намыстуу Эр азамат чыкса деп, эми кандай кылабыз деп кыйналам.   Чар учкандай чаржайытка барганбыз, ар бирибиз пайда көздөп алганбыз. Жапа тырмак жалаң укук талашып, жалгыздыктын аралында калганбыз.   Ооз учунан оозубузду чоёбуз, “Элди ойлогон киши жок” деп коёбуз. Арабызда азаматты көрбөсөк, албетте акыры кор болобуз.   Жай толугу менен…..