Жапаркул Алыбаев: Эмне союптур? (сатира)

Билип туруп айтпайбыз Кээде ырдын Уйкашына баш ийбей, Жазгың келет Жан кейиткен иштерди: Бул замандын Кадыр, баркын түшүнбөй «Алсам» «Жулсам» Деген гана типтерди. Мисалы: Күлтүңдөгөн мобу неменин Мазары – базар. Анар сатат Чөк, чөк кылып төлгөдөй. Балким мунун Айылдашы, теңтуштары Бир катар Пахта терип жүргөн Чыгар жөргөлөй?! А бу болсо Айыл менен иши жок Эңкейбей да тердебей Акча санайт желбегей! А мобучу: Мурут коюп чыкыйган? –Контролер! Автобуста, Же базарда. Кантсин байкуш Оорукчандыр дээрсиңер – Ыркыйган?   О кокуй, Анын денеси чың Штангисттей лыкыйган. Анын үстүнө Алган диплому да бар КГУдан толугу менен…..