Өткүр Хашимов: Кошумча милдеттенме

Өткүр Хашимов 1941-жылы Ташкент шаарында туулган. 1964-жылы ТашМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Ал газета-журналдардын редакцияларында иштөө менен көркөм чыгармаларын, публицистикаларын үзгүлтүксүз жазып келген. «Баар кайтып келбейт» деген повести Шерназар Шүкүров тарабынан кыргызчаланып, өзүнчө китеп болуп чыккан. Автордун «Баҳор қайтмайди» (1970), «Қалбингга қулоқ сол» (1973) повесттери, «Нур борки, соя бор» (1976) романы өзбек адабиятына кызыктуу, оригиналдуу жазуучу келгенин тастыктаган. «Дунёнинг ишлари» (1982) романы Өзбекстан Жазуучулар союзунун жыл сайын берилүүчү Айбек атындагы сыйлыгынын соорундары болгон. 1986-жылы Өзбек ССРинин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон «Икки эшик ораси» романын сынчы У.Норматов «Тагдырлар романы» деп, толугу менен…..