Чыныбай Турсунбеков: Туулган жерим, чөбүң, ташың менен мен, Сагынычтын тили менен сүйлөшөм

Тушоо кесүү Күн күлүп, Кубанып, Бажырайып карап турду Төбөбүздөн. Дүмбүл балдар, Сүт балдар, Ок балдар Дүрмөттөгү – “дүр-р” эттик Үркүп учкан карагайдан Чымчыктардай. Көөдөнүбүз Аба жарып, Таманыбыз Ташты тилип, Чымылдап, Чуркап, Жүрөктө кан тызылдайт Бизден да ылдам. Көзгө илинбей, Жер бутта чимирилди. Жан-Булагым: -Тушоосун кесип бер?! – деп Колунан кармап турдуң Топ аялдын ортосунда Бир инимди. Биринчи жеткен агам, Кечирип кой, Тушоосун кесе алган жок. Тушоосун кести Парторгдун баласы Арттан барган. Агамдын Бычакка сунулган колу Кайырчынын колундай көрүндү… Күн күйдү, Аба күйдү, Жер күйдү. Уялгандан баары күйдү! Аялдар уялган жок, толугу менен…..