Султан Раевди ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы болушу менен куттуктайбыз!

КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, жазуучу, драматург Султан Раевди ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы болушу менен куттуктайбыз.  Түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык жана тилектештик байланыштарын чыңдоо, жалпы түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү, аны менен дүйнө жүзүн тааныштыруу максатында иш жүргүзүп келген ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ишин татыктуу улантып кетээриңизге терең ишенебиз. Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз! КРУЖС Башкармалыгы

Ырысбай Абдыраимов: Жугуштуу дарт

Жугуштуу дарт (аңгеме) Терезе-каалгасы күн чыгышты караган дарылоо мекемесинин маңдайына жеткиче орто бойлуу, кызыл жүздүү киши кыңк эткен жок. Ал өзүнөн мурда ыргып түшүп, машинанын алдыңкы каалгасын ачып, жан-жагынан сүйөгөн катчысына алдан тайгандай бой таштады. Күн кызып, теребел үп тартып, ыраңындай кара күрмөгө чүмкөнүп, эт-бетинен тер куюлуп атса да, ооз-мурунун жүндүү моюн орогучу менен кымтыланып алган. Кеңсесине баратканда алдынан чыккандарга салам айтуу, же алардын саламына кур дегенде баш ийкеп да койбой, урушкан душманынан бетер сүзө качырып өткөндөгүдөй түр менен ооруканага баш бакса, ойлогон оюнун мүдөөсүнөн чыкпай калаарын сезип, карп-курп учураган толугу менен…..