Азербайжан Парламентинин депутаты, жазуучу Ганира Пашаева жазуучулар союзуна келди

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолукту. Жолугушууга Ганира айым менен бирге Азербайжан Парламентинин депутаттары: илим, билим жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, мамлекеттик жана саясий ишмер Мушвиг Фазиль оглы Мамедли, экономикалык саясат, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, мамлекеттик жана саясий ишмер Али Ахмед оглы Масимли, “Нефес” коомдук бирикмесинин төрайымы Фиренгиз Балакишаева, Эл аралык “Евразия” басма сөз фондунун жетекчиси Үмүт Рехимоглу Мирзаев катышты. Ал эми Улуттук жазуучулар союзунан төраганын орун басары К.Кадыракунов, акын Жедигер Саалаев, жазуучу Ж.Моңолодоров, Ж.Акаева, толугу менен…..

“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү

Борбор калаабыздагы Хаят мейманканасында КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү . Бул иш-чара Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага элчи мырза Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар, котормочулар катышты. Эске сала кетсек, “Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары буга чейин жазуучулар союзу тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн.

“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачары өттү. Иш чарага төрага Н.Калыбеков, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар катышты. Онлайн байланышта ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, Азербайжандан Экбер Кошалы сүйлөп, куттуктоосун билдиришти. Г.Пашаева, Экбер Кошалы, Теране Вахид, Имдат Авшар ж.б. 12 автордун аңгемелерин кыргыз калемгерлери А.Исмаилов, Б.Сарыбаев, Ж.Турсунбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон.

“Карабах аңгемелери” аттуу китеп жарык көрдү

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун уюштуруусу менен Азербайжан Республикасынын депутаттары Ганира Пашаева, Жаваншир Фейзиев жана азербайжан, кыргыз акын-жазуучуларынын катышуусунда “Карабах аңгемелери” аттуу китептин бет ачарына арналган онлайн конференция өттү. Карабах окуясына арналган согуш, өмүр, өлүм, жашоо, мекен тууралуу жазылган аңгемелерди кыргыз акын-жазуучулары А.Исмаилов, Ж.Турсунбаев, Б.Сарыбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон. Аталган китеп КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун көзөмөлүндө редакцияланып, баш сөзү жазылып, Азербайжан парламентинин депутаты Ганира Пашаеванын жана акын, котормочу А.Исмаиловдун аракети менен Азербайжан Республикасынын Баку шаарында жарык көрдү. Конференциянын жүрүшүндө Азербайжан парламентинин депутаты Ганира Пашаева китептин жарык көрүшүнө салым кошкон инсандарга, толугу менен…..