Мурза Гапаров: Кара-көлдүн каздары

Кара-көлдүн каздары Абышка мешке акыркы жолу көмүр салды. Анан түктүү чоң колу менен маңдайынан терин сүртүп, сенделе басып босогого келди. Бактын түбүндөгү электр лампочкалары жарык кылып турган кир алюминий столдордо Оштон жүк тартып келишкен бир топ тааныш шофёрлор, хорогдун өзүнүн үч-төрт кызыл байпакчан жаш бойдоктору, дагы бир кандайдыр бейтааныш, дүйшөмбүлүк тажиктерге окшогон жигит олтуруптур. Шофёрлор бир нерселер жөнүндө кызуу талашышып, жаш Хорогдуктар болбогон жерден караңгы бактын ичин жаңырта күлүп жатышты. Шофёрлор да, бойдоктор да ичип олтурушат. Бейтааныш жигит жалгыз эле. Ал эң четки столдордун биринде олтуруп алып, Хорогду тегерете курчаган толугу менен…..