Керимбек Кадыракунов: Эске түштү

Эске түштү Учур жок түркүн куштар сайрап турган, гүлдөр жок көз кубантып жайнап турган. Бараткам кышкы бакта аяр басып, жол менен чилде ызгаары тайгак кылган.   Капыстан чочуп кеттим… каттым дагы, төбөгө “лап” дей түштү бактын кары. Күбүлгөн аппак кардан күтүүсүздөн, тунжурай түшкөнсүдү жактын баары.   Моюнга муздак кардан үшүк жетип, күбүндүм, токтоп калбас киши кетип. Карасам бакты силкип ойноп коюп, каткырып бала турат тиши кетик.   Жылмайдым күлкүм келип, каткырбадым, жоругун сезип турдум жактырганын. Менин да бала кезим эске түштү, ойногум келчү күбүп бактын карын.

Малика Жумадилова: Кудай ырын ырдап беришип, Таң төрөдү, кайра жаралдым

***** Жолдо тыгын Жолдо унаа батпаган… Өз жолумду издеп чыктым мен! ***** Күн уясын тапканда, Кубанычтан кызыл нурга бөлөнгөн Эртең кайра кубарат… ***** Көмкөрүлүп калды асман, Көктөн түшкөн жылдыздар Жерде жатат жымыңдап… ***** Кунары суз жаратылыш Чексиз асман – эки карыш, Туман жутуп алыптыр баарын… ***** Түн бир оокум Үндөр дале үзүлбөйт, Жымжырттыкка окшогон. ***** Албуут шамал ачууланып Каарын төгүп жатканда, Булут көлгө жүгүндү… ***** Капчыгайдын кучагынан ойгонуп, Туман кетип бара жатат таң эрте тескейдеги тоону ашып. ***** Кең ааламда Кең жайылбай канаты, Куштар учат: зым- терекке урунуп. ***** Караңгыда толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Кыш элегиясы

Кыш элегиясы (ыр түрмөк) Туулган күндө жазылган ыр Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам, Үйүмө шаң, жан киргизди белегиң: Үлбүрөгөн беш тал роза – кулпурган.   Кышкы гүлдөр назик, кербез, супсулуу, Көңүлүмө жаз түнөттү жыпжылуу. Кыш чилдеде төрөлгөн жан өзгөчө, Кадыр-баркын билет гүлдүн кыпкызыл.   Куттук айтып, гүлдүн коозун арнаган, Кыска өмүрдө көңүл табат жакшылар. Жашоо өзү кайрымдуу да, берешен, Жамандан көп жакшылыгын бар кылар.   Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам. Кеселиме эм болорун билипсиң, Кочкул-кызыл розаларың кулпурган!   толугу менен…..