Кармышак Ташбаев: Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган жердин мелмилдеген түздөрү

Заман жана Ата-Журт Унутулбайт өткөн доордун издери… Ушул күндөр буйрук кылсын бизге эми. Заманыбыз – бизге дарак мөмөлүү, Бүт жемиши бышып турган күздөгү. Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган Жердин мелмилдеген түздөрү.   Арбын болуп, артып улам байлыгы, Бар бол, элим! Билбейли биз кайгыны?! Турсун дайым тууган жерден угулуп, Түгөнбөгөн күүлөрүнүн кайрыгы. Бүт ааламга тарай берсин түбөлүк, дүңгүрөгөн Ата-Журттун айдыңы!   Биздин тарых Биз минген чобурлардын бели талып, Келдик биз эң алыстан чарчап-арып… Биздин из – Кылымдардын ар жагында, Доорлордун түпкүрүндө биздин тарых.   Көрүнбөйт биз арыткан жолдун учу, Кабарган жылаңаяк толугу менен…..