Алтынай Темирова: Сынык асман

СЫНЫК  АСМАН (психологиялык драма) КАТЫШУУЧУЛАР: – Жигит – Эне – Түнсулуу – Дана I Декорацияда: эки тарабы кандайдыр бир кап-кара куштун канатындай калдайган караңгылык жаап келаткан асман, бир чети гана кичине көгөргөн көк – асмандын сыныгындай. Сахнанын ортосунда бажырайган көздөрүн алыска кадап: далылуу, бойлуу, сымбаттуу, сулуу жигит кайдадыр телмирип келатат. Эмненидир тыңшагандай… Жигит: /кабатыр үнү менен/ – Сенин атың Түн!.. Түн!..                                                     Мен корком сенден, корком!..                                                     Жолобо  мага!..                                                     Жолобо?!.. /Абаны чапчып өзүнөн алда нени кубалай берет, кубалай берет…/ /Үнү кайгылуу, ый аралаш сыяктуу, күйгөн, коркуп чоочуган, эмне кылар толугу менен…..