Өрүкзардын өчпөс акыны Курбаналы Сабыров

Баткен облусунун Лейлек районунда акын Курбаналы Сабыровдун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Акынды эскерүү иш чарасы быйыл 32-ирет өткөрүлүүдө. Жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келген “Өрүкзар” поэзия фестивалы быйыл 80 жылдык мааракеси менен коштолууда. Бул иш чарага Бишкек жана Ош шаарларынан КР Эл акыны А.Рыскулов, Ө.Тиллебаев, Т.Жороев, С.Момуналиев баштаган жоон топ акындар катышууда. Мындан тышкары Өзбекстандан акындар келишти. Иш чаранын алгачкы күнүндө район акими Алмазбек Рахманкулов  кабыл алып, алыстан келип катышып, фестивалдын аброюн көтөрүп жатасыздар, бул сиздердин калемдешиңиздерге болгон сыйыңыздар, адабиятка болгон аздек мамилеңиздер деп, ыраазычылыгын билдирди. Андан соң К.Сабыровдун бейитине барып, толугу менен…..

Курбаналы Сабыров: Мына жаз – жер денесин гүлдөр бүлөп, күйөөгө барар кыздай куп жасанган

Чырактар Кыштак түнү – кыздын кара чачындай. Жылдыздардай жымыңдашып көрктөгөн, Айланайын айылымдын оттору, Үй-үйлөрдөн үлбүрөшүп өчпөгөн!   Оо чырактар максатымдын оттору! Түндөр бою мага жарык чачышкан, Түндөр бою мага кошо жанышкан, Түйшүк тарткан түндөрүмдүн оттору, Бүл-бүл жанып эми алыста калышкан… Оо чырактар сагынычымдын оттору, Сагынамын, сагынамын алыстан!   Кусалык Олтурам кафеде, Шампанга кол сунам. Олтуруп ордумда, Өзүмдү жок туям…   Мастыктан ичпеймин Шаттыктан күлбөймүн Нур чачкан шамдарды Тиктеймин, тиктеймин…   Көбүргөн шампандын, Көбүгүн үйлөймүн. Эмнеге…Эмнеге Шам болуп күйбөймүн?   Өмүрдө каталык, Өкүнөм кыйналып. Көңүлдө капалык, Көкөйдө кусалык.   ***** Не толугу менен…..