***** Небак өлгөн жарды, ыйык, кандарың, Кайсыл жакка бекитишкен жандарын Эгер чындап карап көрсөң жакшылап, Эч ким билбейт кайсыл жакта калганын. ***** Акыл жыйып аздан болсо басканың, Сен көрөсүң Теңиримдин жазганын. Сага укмуш кубулуштай көрүнөт, Сан жылдызга толгон көкмөк асманың. ***** Максат, ойдун жок өңдөнөт ченеми, Тар сезилет бул дүйнөнүн кенени. Өмүр учкул өтүп кетет тез эле, Кандырбайсың каалаганча денени. ***** Жүрөк иштейт тынымы жок кан айдап, Жүрүштөрүн сен тилейсиң кудайлап. Кан айдасын жүрөк иштеп тынбастан, Калса жаман кара жаның карайлап. ***** Тагдыр салган жашоолордун тизгинин, толугу менен…..