Касым Сулайманов: Эрктин күчү

Эрктин күчү (Даректүү баян) Бул жашоодо адамдын башына эмнелер гана келип-кетпейт. Кандай кыйынчылык болсо да аны жеңүү үчүн зор кайрат, акылмандык, сабырдуулук керек эмеспи. Тилекке каршы, андай сапат баарына эле таандык эмес. Азыркы мен жазып жаткан окуя 1951-жылы февраль айында болгон. Анда Тагаев Бакир отуз жашка чыга элек, күчкө толуп турган кези болчу. Ал бою узун, келбеттүү жигит эле. Майрамдарда, тойлордо эр эңишке түшүп, чапчаңдыгын көрсөтүп, эл көзүнө көрүнүп белгилүү болуп калган. Ал чоң көк атты сынына келтирип багып, жарашыктуу жабдыктап минип жүрөр эле. Анын ошол кездеги жүргөн-турган келбети азыр толугу менен…..