Расул Гамзатов: А мен болсо, тоо башынан силер деп, Күлүмсүрөп, күн кучактап келемин

Тоолук карыялар Жашайт тоодо карылар, Намыска бек, шертке бек. Сөзү өлсө, өмүрү Өлүм менен шерттелет.   Жаза басуу, жаңылуу Түк кездешпейт аларда. Баасын берет бир карап, Адал менен арамга.   Көзү ачыктай айтышат, Кимдин эмне болорун. Жоодон өлүп ким эртең Кимге дөөлөт конорун.   Калп айтканга тетири Келет бата беришип. Адилдикти кулаган, Атка кетет эңишип.   Тили жүйрүк береки Ак сакалчан карыя, Айткан сөзү кынаптап, Мүлдө адамга жарыя.   Кагылайын карылар, Журт эгеси өзүңсүң. Караңгыда жол тапкан Калктын кара көзүсүң.   Чабандестин айылга Не келгенин билесиң. Жакшылыкты кудайдан Жана дайым толугу менен…..