ТҮРКСОЙдун гимнин жазууга сынак жарыяланат

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (“ТҮРКСОЙ”)  «Түрксойдун» 30 жылдыгына арналган «Түрксойдун гимни» поэтикалык сынагынын ЖОБОСУ Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата уюмдун көз карашына, миссиясына жана максатына ылайык гимндин текстин жазууга сынак жарыяланат. Ырларды баалоо ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Жазуучулар союздарынын жетекчилеринен турган тандоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдөн 18 жаштан жогорку акындар катыша алат. Поэтикалык чыгармалар мыйзамга, адамдык ар-намыска карама-каршы келбөөгө тийиш. Ырлар катышуучунун өз өлкөсүнүн тилинде орфографиялык эрежелерге ылайык жазылууга тийиш. Ар бир өлкөнүн Жазуучулар союзу тарабынан тандалган жана финалга чыккан ыр маанисин бузбастан түрк толугу менен…..

Акын, КРнын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Ш.Кулуев дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акын Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген. толугу менен…..