Бешболуш Матисаков: Бүгүн мени төрөгөн асыл апам, ЖАРАТКАНдан кийинки Жаратканым

Бүгүн adabiyat.kg сайтыбыздын демөөрчүсү, ишкер, калемгер Бешболуш Матисаковдун туулган күнү. Урматтуу Бешболуш Жоробаевич, туулган күнүңүз кут болсун! Сизге бекем ден-соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Ишиңизде ар дайым ийгиликтер арбын болсун! Адабият өкүлдөрүнүн алкышына арзып, аман жүрүңүз. Көп жашаңыз! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы, редколлегия. ***** Мен жашоодон жоготконду табалбайм. Мезгил өктөм, каршы чыгып баралбайм. Кусалыктан жүрөгүмдө так калат, кубанычка, сүйүүсүнө каналбайм. Ар бир күндү шүгүр менен өткөрөм, ал анткени, мен кайрадан жаралбайм. Улуу көчтү менин жашоом улаган, учуп бийик, кээде төмөн кулаган. Жашын төгөт, жараланат жан дүйнө, жакшысына жаш баладай толугу менен…..