Габриэль Гарсиа Маркес: Мени ар дайым жандап, арбап келаткан негизги тема – бийлик маселеси

Адабият жана атак-даңк жалгыздыгы (“Латын Америка” журналында жазуучунун котормочулар, адабиятчылар, сынчылар менен болгон жолугушуусунан (1980) –Бир ирет поюзга түшүп, Женевага баратат элем. Он эки саат жол жүрүш керек, убакытты кыскартып, окуй турган эч нерсе жок, жанымда досторго апараткан “Жалгыздыктын жүз жылы” бар экен. Арга жок өз романымды окуй баштадым. Баарын эмес, үчпү, төртпү бөлүмүн окудум сыяктуу… –Сизге жактыбы? –Ачыгын айтсам, жаккан жок. Аны жазып бүткөндө дүйнөдө мындан ашкан китеп жок деп ойлогом. Арийне, Женевага бараткан жолдо уялганымдан жерге кирип кете жаздадым: аны ийине келтирип жазууга убакыт жетпей калганына көзүм жетти. толугу менен…..

Габриэль Гарсиа Маркес: Айттырып келген ажал баяны

Айттырып келген ажал баяны (Повесттен) Аны өлтүрүп кеткен күнү Сантьяго Насар епископ келер кемени тоскону таңкы 5.30да турган. Түшүндө ал жумшак жамгыр себелеген анжир багын аралап баратыптыр, кандайдыр бир ирмемге бакытка балкый түшкөнсүдү, бирок ойгонгондо шакка конгон чымчыктар башынан ылдый чычып жибергенсиген сезимден арыла албай койду. “Ал түшүндө бак-даракты көп көрөр эле”, – деди мага апасы мындан 27 жыл мурдагы каргашалуу дүйшөмбүнүн кылт эткен кыймылынан өйдө эстей. “Андан бир жума мурда түш көрсө, калдыркан калайдан жасалган самолётто учуп баратыптыр, жалгыз экемин, бадам багынын бир бутагына да тийбей аралай чаап учуп толугу менен…..