Сендик болуп калайын -Сени сүйөм…. -мен да сүйөм кымбатым, Кооздоп жаздым махабаттын ырларын. Сен бар үчүн сыноосуна сынбастан, Мен жашоонун көрүп келем жыргалын. -Сагындыңбы? -ооба абдан сагындым, Алыс жакта сагынычка кабылдым. Сени эске салып турчу ар убак, Кусалыктын ак шурусун тагындым. -Эсиңдеби? -азыркыдай эсимде, Эң алгачкы бүлүк салган сезимге. Сени сүйгөм, эстедиңби сен дагы, Эрке мүнөз, күлгүн курак кезимде. -Күттүң беле? -күтүп жүрөм азыр да, Келер деген үмүт менен жазында. Сени издеп, сен деп жүрөт байкасаң, Сага деген сезимдерим ар ырда. -Барам бир күн… -келчи анда толугу менен…..