Акын, элдик табып Гүлсина Өмүрбекова акка моюн сунду

Кыргыз адабияты жоготууга учурады. “Манас” темасындагы кайып дүйнө түшүнүгүн, эзотерикалык көз карашты камтыган, автордук жеке ою бар акын Гүлсина Өмүрбекова 74 жаш курагында дүйнө салды. Акын Г.Өмүрбекова 1947-жылы Аксы районунун Аркар айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку окуу жайын бүтөрү менен Фрунзедеги Политехникалык окуу жайына окутуучу болуп менен эмгек жолун баштаган. Кийин, педагогикалык илим изилдөө институтунда кичи илимий кызматкер болуп иштеген. Музыкага кызыгып, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге кирип, ал жерде эмгектенип жүрүп алгачкы обонун жараткан. С.Жусуевдин сөзүнө жазылган “Сүйүү вальсы” ыры жалпы элге жайылып, бул ыр Япон, Кытай, Казак ж.б. элдерде толугу менен…..