Султан Раев: Эмне дейм сизге, эжеке?

Сабактын бүтөрүнө беш мүнөтчө калган. Эжеке мурдунун учуна түшүп калган көз айнегин жогору түртүп: — Балдар, эртең чогулуш болот. Бардыгыңар ата-энелериңер менен келишиңер керек, курулай шылтоолоп, «колу бошобой калды, иши чыгып калыптыр»,— деген сөздөр болбосун,— деди. Анан эжей мени бир карап алды да сөзүн улантты: —Асанкулов, сен да эсиңен чыгарба, өткөндөгүдөй шылтооңду койгун, сүйлөштүкпү?— деп өзгөчө белгилеп койду. Аңгыча коңгуроо кагылды. Балдар жанатан бери ушуну эле күтүп тургандай эжейдин сөзүн аягына чыгарбай, бири-бирин жаалап сыртка чу коюшту. Мен партадан көңүл кош турдум. — Асанкулов, сен эмне, ооруп калгансыңбы? Ырайың да толугу менен…..