Кеңеш Жусупов: Эне кудурети

Эне кудурети …Көрдүңүздөрбү, тигине, адатынча бүгүн да өрөөнгө кеткен жалгыз аяк жол менен Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ат үстүндө сөөктөй катып, үн-сөздөн калган чүкөдөй кемпир… Ботом, чын эле эмне болгон Батмага? Өмүрүндө кабагын чытыбаган Батманы карагылачы! Демейде Батма башкача эле го!.. Жол боюндагы саздын жээги оттуу боло турган. Аты дайыма өзү эле жолдон кайрылып чөптөн аймап кирчү. Батма «мейли байкуш» деп, атынын чалганына маашыр ала, шамал ыргаган чиелердин жапырылышын кунт коё карап, бир азга ойлончу. Шар суунун тынчыбаган шоокуму дайым Батманын эрмеги, жер үстүндө сансыз суу көп го, ошонун толугу менен…..