Адабият кербени аймактарда

КР Президенти С.Н.Жапаровдун чыгармачыл союздарды колдоо саясатына ылайык КР Улуттук жазуучулар союзу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте “Адабият кербени” долбоорунун алкагында аймактарда жолугушууларды өткөрүүдө. Дүйнөлүк жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгы жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата акын-жазуучулар Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында эл менен жолугушууда. Бүгүн КР Эл акыны А.Рыскулов, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ж.Исабаева, публицист, Айтматов таануучу Э.Нурушев, КР Улуттук жазуучулар союзунун секретары Ж.Акаева, балдар жазуучусу Ы.Кадыровдор ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашып, поэзия кечесин тартуулашты. Ошол эле учурда КРУЖСнун проза секциясынын башчысы, жазуучу Ж.Токтогазиев, акын-жазуучулар толугу менен…..

“Беш акын” теледолбоорунун экинчи жеңүүчүсү аныкталды

КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан уюштурулган “5 акын” теледолбоорунун 2-көрсөтүүсү жыйынтыкталды. Долбоорго катышкан беш акындын ичинен калыстар тобунун чечими менен акын, журналист Атахан Кожогулов жеңүүчү болду. Катышуучуларга беш талап коюлган: 1. Эки ырын көркөм окуп берүү, 2. Автордун калемине таандык обондуу ыр аткаруу, 3. Түрк тилдүү элдердин акындарынын биринин ырын тапшырма боюнча которуп келүү, 4. акындыктан тышкары таланты менен тааныштыруу, 5. КРУЖС тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү жана эч жерде жарыяланбаган жаңы ырын окуу. Бул жолку көрсөтүүдө толугу менен…..

“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

“Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун биринчи кечесинде акындар – Кыялбек Урманбетов, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Мая Осмонкулова жана Алтынай Темировалар ат салышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 15-мартында саат 18:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК