Кубатбек Жусубалиев: “Жалгыз учкан куш бийик учат”

“Жалгыз учкан куш бийик учат” (К.Жусубалиевдин бейнесине сүртүмдөр) Бул макаламды чыгармачылык дүйнөдө кайталангыс жолун тапкан жазуучу, ойчул жана инсан Кубатбек Жусубалиевдин 70 жылдыгына арнайм. Мен терең сыйлаган жазуучу жашаган Алайдагы Кердегей айылына мындан 5-6 жыл мурда атайылап аваз кылып барганда жазылган эле. Облустук гезиттен башка басма сөздө жарыялана элек. “Менин диним — Акыйкатты табышкан өлбөс адамдардын дини” Акыйкат жолуна түшүп, биз топурап бараткан көрпенделик турмушубуздан ат чабым алыстап кеткен улуу замандаштарыбыздын бири Кубатбек Жусубалиевдин (бул кишини азыр же жазуучу, же ойчул, же залкар инсан — кандай атаарыңды да билбейсиң) көбүбүзгө толугу менен…..