Садык Алахан: “Декада жөнүндө сөз”

Улуттук жазуучулар союзунун көркөм-адабий сын боюнча секциясынын жетекчиси, адабиятчы Садык Алахандын залкар акын Райкан Шүкүрбековдун термелери тууралуу жазылган эмгегинин акыркы бөлүгү болгон “Декада жөнүндө сөз” деген 9-макаласын жарыялайбыз. Албетте, Райкан Шүкүрбековдун калктын калың катмарына сиңип, чыныгы элдик чыгармалар болуп калган термелери жөнүндөгү эмгегин баштан аяк биздин “adabiyat. kg” сайтыбызга сунуш кылганы үчүн адабиятчы агабызга терең ыразычылыгыбызды билдиребиз жана улуу акындын көөнөрбөс көркөм мурастары улам кийинки муундун адабиятчылары тарабынан кайра-кайра окула берет деген үмүттөбүз. “Декада жөнүндө сөз” Р.Шүкүрбековдун таланты нукура элдик талант болгондугу баарыбызга маалым. Акын калтырган адабий мурасы элибиздин көөнөрбөс толугу менен…..