Күмөндөр Усуптегин: Боло берет ынкылап!!! (Мистикалык драма)

Күмөндөр Усуптегин Боло берет ынкылап!!! (Мистикалык драма)   Катышуучулар: Чоң Ата менен небере Ортоңку бийлик эгеси (ОБЭ) Төмөнкү бийлик эгелери (ТБЭ) Момункарып, аялы Күңөтай Ботомбек, аялы Сардал Зулумбек, Айлакер, эки жүздүүлөр Сырткары коомчулук   Биринчи көрүнүш           Өнөр секиде тоолуу өрөөндүн жана бир ыптада шаардын сүрөттөрү. Кандайдыр муңдуу ыргактын добуштары алыстан угулуп келип жакындайт, кайра алыстай баштайт. Тоолуу өрөөн тараптан алтымыш жаш курактагы адам чыга келет. Ал өрөөндүн тээ түпкүрүнөн угулган муңдуу ыргактарга кулак төшөп калат. Ар кандай аспаптардан жаңырган ыргактардын арасынан “Көкөй кести”, “Кыргыз көчү” күүлөрүнүн кайрыктары угулуп, кайра толугу менен…..