Дүйшөнбек Бектемир уулу: Үйрөтcөк да жашоонун сырын чоңдор, Аруулукту баладан үйрөнөлү

Дүйшөнбек Бектемир уулу – студент кезинен эле сезимтал, муңайым поэзиясы менен окурмандарга таанылып калган жаш калемгер. Жаштардын “Жигер” чыгармачыл борборунун жетекчиси. Өнөрлүү жаштарды таптап, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кам көрүп келатат. Поэзия боюнча бир нече көркөм сынактардын жеңүүчүсү. Улуттук жазуучулар союзунун “Ардак грамотасынын” ээси. Наристелер – аруулар Чоң бут кийим, чоң көйнөк кийген менен, Жер кыдырып, көп нерсе билген менен. Наристедей туптунук боло албайбыз, Жакшы адам көрүнүп жүргөн менен.   Наристелер атыр жыт, гүл денелүү, Жашагыңды келтирет сүйлөгөнү, Үйрөтcөк да жашоонун сырын чоңдор, Аруулукту баладан үйрөнөлү.   Оору-сыркоо алардан алыстасын, Улуу муундар толугу менен…..