Сулайман Рысбаев: Ким эмнеден коркот?

Ким эмнеден коркот? Илгери бир адамдын пили болуптур. Пил абдан акылдуу жана күчтүү экен. Күндөрдүн биринде адам кышкы отунун камдоо үчүн пилин минип, токойго жөнөмөк болот. – Жалгыз барасыңбы? – дейт аялы, – тиги кошунаңды жардамга чакырбайсыңбы? Ага дайым эле жардам берип жүрөсүң го. – Туура айтасың. – дейт да, ал кошунасын жардамга чакырат. Кошунасы макул болот. – Сен алдыга жөнөй бер, мен артыңдан барам,- дейт кошунасы. Тиги адам азыктан мол алып, отуну көп алыскы токойго барат. Кошунасын көпкө күтөт. Дайыны жок. Ал кошунасы алдаганын ойлойт, ыза болот. Ага бекер толугу менен…..