Мар Байжиев: Өлүм алдында

Өлүм алдында (аңгеме) Чекир Чыйкылдаков чепеңдеген, чарчы бойлуу, арыкчырай жигит. Бир нерсе талашса, же бирөө менен урушса, чекирейген көздөрү чекчеңдеп, үнү бирде өтө ичке, бирде коркурап чыгып, адамдын күлкүсүн келтирет. Чынын айтсак ичкилик дегенди түк жактыруучу эмес. Анткени, кичинекей кылт эттирсе эртеси ооруп калат. Ошондуктан бирөө конокко чакырса да барбай коюунун аракетин кылчу. Бирок, бүгүн бир топ жолдоштору кезигип калып, барбайм деп кыңырылса да болушпай аны пиво саткан жерге алып келишти. Мына пивонун ууздай аппак көбүгүн чебердеп үйлөп, шашпа-а-ай кичинеден жутуп, курдаштары менен тамашалашып турат. Бүгүн майрам, анын үстүнө мурда толугу менен…..