Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Самсак Станалиев Түркиядан сыйлык алды

Кечээ, 26-сентябрда, Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев Түрк мамлекеттери уюму жана Түрк тили уюму тарабынан Түрк дүйнөсү адабиятынын «Роман» номинациясында абройлуу эл аралык сыйлыкка ээ болду. Түркияда «Тилде, пикирде, иште биримдик» аттуу ураандын астында өткөн кароо сынакта Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы сыяктуу түрк мамлекеттеринин ар биринен бирден жазуучу жеңүүчү деп табылган. Аталган иш-чара Түрк тили уюмунун юбилейине жана Түрк тили майрамынын 90 жылдыгына карата Бурса шаарында өттү. Белгилей кетсек, сыйлык ээлери эл аралык мекемелердин жана уюмдардын кароо сынагынын негизинде кылдат тандалып алынган. С.Станалиев аталган толугу менен…..