Эгемберди Эрматов: Тургунбай Эргешов жөнүндө

Тургунбай Эргешов Тургунбай Эргешов 1960–70-жылдары басма сөзгө жарыяланган ырлары менен өзүнүн акындык жүзүн көрсөткөн эле. Ошол учурда жалпы хордон анын үнү айырмаланып турчу. Ырларындагы өзгөчө курч саптар окурман катары мени өзүнө тартчу. Тубаса таланттуу акын экендигин адабий чөйрөдө айтып жүрүшчү. Алгачкы чыккан ырлары менен эле элдин назарына илинүү оңой-олтоң иш эмес. ***** Көзү тирүүсүндө бир дагы ыр китеби чыкпады. Буга, биринчиден, акындыктын жолун, тагдырын башкача түшүнүп алып ичимдиктин артынан кеткендиги тескери таасирин тийгизсе, экинчиден, ошол учурда басмада иштеген ичи тар, көралбас, таланттуунун жолун тоскон ортозаар акын сөрөйлөрдүн кесепетинен болду окшойт. Бир нече китептери басмаларда саргайып кезек күтүп жатып, акыры толугу менен…..