Бишкекте «Боронбай бий жана жети аке феномени» аттуу китеп көргөзмөсү өтөт

2017-жылдын 28-апрелинде Бишкектеги А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында “Адеп, ыйман жана маданият жылына” арналган «Боронбай бий жана жети аке феномени» аттуу китеп көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференциясы өтөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти. Иш-чарага КР Эл Баатыры М.Мамакеев, Кыргыз эл акыны О.Султанов, ошондой эле, бир катар белгилүү окумуштуулар, илим жана маданият кызматкерлери, коомдук ишмерлер катышышат. Белгилей кетсек, көргөзмө «Боронбай бий жана жети аке феномени» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоордун максаты – ХIХ кылымдын тарыхый улуу инсаны Боронбай бийдин доорундагы кыргыз элинин сакталып жана өнүгүшүнө улуу бурулуш жасап зор салым кошкон инсандардын өрнөктүү өмүр толугу менен…..