З.Ажыматовдун китептеринин таанытымы Т.Эрматов атындагы БМПКда өттү

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын З.Ажыматовдун “Доско кат”, “Датасы жок күндөр…” аттуу китептеринин бет ачары болуп өттү. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгул уулу, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожо баштаган акындын достору, адабият, маданият ишмерлери, студенттер катышкан иш чарада автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды. З.Ажыматовду эскеришип, чыгармачылык мурасы – китептерин жайылтууну колго алып, ысымын түбөлүккө калтыруу максатында көп иш-чараларды өткөрүп туруу керек экендигин баса белгилешти. Китептин бет ачарын БМПКда өткөрүү толугу менен…..

Акын Атахан Кожогуловдун поэзия кечеси өттү

Белгилүү акын, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Атахан Кожогуловдун “Шамал кайып” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бүгүн, аталган китептин бет ачары Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин салтанаттуу жыйындар залында өтүп, кечеге жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КРнын эл акыны А.Рыскулов, К.Көкүлов, Б.Шамшиев, Б.Салгамани ж.б акын – жазуучулар, адабиятчылар, студенттер катышты. Кечеде Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин студенттери А.Кожогуловдун калемине таандык ырларын сахналаштырып окуп беришсе, жаш акындар автордун котормолорун окуп беришти. Кеченин аягында поэзия сүйүүчүлөр А.Кожогуловдон дагы ыр окуп берүүсүн суранышып, толугу менен…..

Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары өттү

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары болуп өттү. “Арча түбүндөгү айдың кеч”, “Ата конуш”, “Ак булут, аппак булут”, автордун чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган “Биографиялык жана библиографиялык маалыматтар” жана казак тилинде жарык көргөн “Шегемдик кыз” китептеринин таанытымына КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучу, адабиятчылар, Казакстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү С.Камшыгер, А.Шегебай катышты. Иш-чараны демилгелеп уюштурган жана модераторлук кылган Т.Колдошов эмгек жамааты, студенттери менен биргеликте келген меймандарга өз өнөрлөрүн тартуулап, кечени толугу менен…..

Бектуруш Табалдиевдин поэзиясына күбө болуңуздар

Ырдын тулкусун жакшынакай уйкаштар, образдуу салыштыруулар, жугумдуу метафоралар, таасирдүү боёктор, туюнтмалар менен шөкөттөп жазган пейзажист, чебер сүрөткер, синэстетик, интеллектуал акын Бектуруш Табалдиев Салгаманинин чыгармачылык кечеси өтөт. Поэзия кече акындын “Аты жок” китебинин бет ачары менен коштолуп, адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылып, поэзиясы окулуп, обондуу ырлары ырдалат.  Поэзия кечеге катышууну каалагандар үчүн эшик ачык. Келип жан дүйнөңүздөргө азык алып кетүүгө чакырабыз. Ыр күйөрмандарын 2022-жылдын 28-январында саат 14:00дө Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде күтөбүз. Тосордо “Чөккөн тоолор окшошот мис чөөгүнгө, чокуда кар агарат пил сөөгүндөй. Жаш сулуунун булгаган жоолугундай, “жарк” дейт толугу менен…..

Поэзия кечеге келиңиздер

КР Улуттук жазуучулар союзу 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин концерттик залында поэзия кечесин өткөрөт. Кечеде Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, Калчоро Көкүлов, Кубанычбек Басылбеков, Кыялбек Урманбетов, Атахан Кожогулов, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Алтымыш уулу жана Адилет Зарылбек уулу ыр окуйт. Адабий -музыкалык поэзия кечени белгилүү ырчылар коштойт. Бардык ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык. Дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү 121, Тыныстанов көчөсү менен кесилишет. Жалпыңыздарды 6-март күнү саат 16:00дө күтөбүз. Келип, акындардын ырларынан азык алып кетиңиздер.