Нургазы Ахмедулин (Миңкара): Айткылачы, ким кыйын?

Түш Төмөн жакты карасам: Үй үстүндө баратам.   Мышык итти кубалап, Жүргөн экен “ураалап!”   Коён кармап карышкыр, Тишин жулуп салыптыр.   Топтой тепкен түлкүнү, Көрдүм баатыр кирпини.   Эл кызыкка батыптыр, Балык ырдап жатыптыр.   Чычкан, короз экөөлөп, Пилди жүрөт жетелеп.   Кээде-кээде желдирип, Пилди жүрөм мен минип.   Пилден жерге куладым, Чуулдады кулагым.   Мына кызык, керемет! Кулаганым керебет!             Сен дагы Күн мээрими төгүлүп, Тоо башынан торолду. Тунук мөлтүр тамчылар, Тып-тып тамып жоголду.   Суулар тунуп, кашкайып, Колот ылдый жүгүрөт. Күнгө  ыраазы болгондой, Балатылар күбүнөт.   толугу менен…..