Сүйөркул Тургунбаев: Акындардын дем-руху элди колдойт

Акындардын дем-руху элди колдойт Кыргыз акын-жазуучулары кийинки жылдары үзүлүп калган салттык иш-чараны Улуттук Жазуучулар союзу менен бирдикте кайрадан жандандырып, эми эл аралап, окурман калкы менен жолугушууларын өткөрүп турмай болушту. Андан авторлор да, окурман журту да утушта болору анык. Ушундай угуттуу жолугушууга белгилүү акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сүйөркул Тургунбаев ат жалын тартып, алгач барып келди. Жөн гана барбай анын жыйынтыгын, ой-пикир, таасирлерин да өзү жаза келди. Анда кеп акыныбызда болсун. Ата Журттун гүлдөрү ажарланып, жийде бурагы буруксуган май айында Ош жана Жалал-Абад дубандарын аралап келүү бактысына тушуктум. Ушул мезгилде толугу менен…..