Айдарбек Сарманбетов: Бак талаш

Бакталаш (аңгеме) -Ата! Биздин бакты кыйып жатат! Тиги… бу… Акмат!..- деп, кичүү небереси анталаңдай үйгө жүгүрүп кирип күтүүсүз жерден калайман салып жиберди. Төрдөгү көрпө төшөктө жамбаштай жатып, бейкапар китеп окуп аткан Бектур карыя баш-аягы жок сөздөн эч нерсе аңдай албай тестиерине элтейе карап: -Эмне дейт? Ким? Кайсыл бакты?..- деп, чочуй баш көтөрдү. -Жанагы… тиги… ортодогу… Небересинин чалды-куйду кебинен алда кандай жаман окуяны боолгогон Бектур китебин таштай карбаластап тура калып, өтүгүнө бут сала тарталаңдай сыртка умтулду. Ошондой. Сырттан удаама-удаа чакылдап чабыла баштаган балтанын үнүн жанатан эле шооткондо бу неси болуп кетти экен толугу менен…..