Жаш калемгер Марлэн Матназаровдун кенже балдар үчүн жазылган “Бай бала” аталышындагы жомоктор жыйнагы жарык көрдү. Аталган китепке улуттук колориттеги иллюстрациялар камтылган жана коммерциялык максатта сатууга коюлат. Китептин редактору: балдар акыны, жомокчу, энциклопедист 20дан ашуун китептин автору Ысмайыл Кадыров. Сүрөтчүсү: “Tart” жаш сүрөтчүлөр уюшмасынын мүчөсү Мар Амандыков. Китептин 1000 нускада чыгуусуна жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышкан. Жомоктор жыйнагы Бишкек, Ош шаарларындагы китеп дүкөндөрүнө таратылат жана башка конкурстук иш-чаралар өткөрүлөт. Автор китептерден түшкөн акчаны чогултуп, улуттук баалуулукту чагылдырган мультфильм тартууну ниет кылат. Марлэн Матназаров 23 жашта. Учурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин юриспруденция тармагында толугу менен…..